www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте жашы жете элек кыздардын телефон номурун сураган чет мамлекеттин жараны аныкталып, ички иштер органдарына жеткирилди. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда чет өлкөлүк жаран жашы жете элек кыздардан телефон номерлерин сурагандыгы тууралуу видео тараган. Видеонун автору ата-энелерди балдарынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга жана сак болууга чакырган.
Бул факты боюнча маалымат Ленин РИИБине катталып, милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам түрдө тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2006-жылы туулган А.S. аттуу чет мамлекеттин жараны аныкталып, ички иштер органдарына жеткирилген. Аны менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча жоопкерчилик түшүндүрүлгөн.
Ошондой эле, аталган факты боюнча жарандар тарабынан ички иштер органдарына эч кандай арыз же кайрылуу түшкөн эместиги белгиленди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында А.S. тарабынан миграциялык мыйзамдардын талаптары бузулгандыгы аныкталып, ага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесине ылайык (Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин, эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу) протокол түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, тиешелүү жол-жоболор аяктагандан кийин аталган жаранды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруу боюнча чаралар көрүлөт.