www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жашыл экономика боюнча Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираты) өткөн Бүткүл дүйнөлүк саммитте вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Жашыл экономиканын» принциптеринин негизинде Кыргызстандын экологиялык таза продукциясын экспорттоону жүзөгө ашырууну пландап жатканын билдирди.
Ал: «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында биз региондорду өнүктүрүү үчүн «жашыл экономика» принциптерин киргизүүгө ниеттенип жатабыз. Себеби ар бир аймактын өз артыкчылыгы бар. Суу-энергетикалык ресурстарга бай аймактарда жашыл энергетиканы өнүктүрүү, кайра жанма электр булактарын өздөштүрүү пландалууда. Мөмө-жемиштерди өстүрүү пайдалуу болгон агрардык райондордо көп жылдык мөмөлүү бадалдарды өстүрүүгө өтүүдө. Муну менен экологиялык жактан таза продукцияны жеткирүү боюнча биздин уникалдуу экспорттук дараметибизди күчтөндүрүп, жүзөгө ашырсак деген ойдобуз» деди.
Вице-премьер-министр Шаржа шаарындагы Соода-өнөр жай палатасына барып, ал жактан товарлардын, продукциялардын үлгүлөрү жана эркин экономикалык аймак менен таанышып, уюмдун алкагында мындан ары кызматташуу жана тажрыйбаларды өздөштүрүү жөнүндө макулдашты, -деп "De-Факто" жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg