www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Кореяда иштеп жүргөн Шекербек Салиев аттуу мекендешибиз Корея менен Кыргызстанды салыштырып социалдык тармактагы баракчасына көрүп-байкагандары тууралуу пост жазган.
Төмөндө аны жазгандары толугу менен:
"Мен Түштүк Кореяда иштеп, жашап жатам. Бул жак тойканалардын эмес, завод, фабрика, чакан ишкана жана теплицалардын мекени экен.
Кореяда кедей жок, бирок байлары да Лексус 470, 570, Тойота Ленд Крузер 200, Гелендваген, Кадиллак, Хаммер жана башка чоң жиптерди эмес, эконом класстагы автоунааларды айдашат, мындайча айтканда, ысырапкорчулукка жол беришпейт. 3 айдан бери ондогон шаарларына бардым, Кыргызстандагыдай бир да үйлөнүү-үлпөт тоюндагы кортежди көрбөдүм. Канча бай болсо да текебер эмес, мээнеткеч инсандар экен. Завод, фабрикалардын миллионер ээлери жумушчулары менен чогуу иштеп, чогуу тамактана берет.
Бул жакта уурулук, "уруп кетти", "өлтүрүп кетти", "алдап кетти", "акчасын бербей койду" деген да жок.
Кореялыктар көчөдө автоунаа жуубайт, көчөгө таштанды таштабайт, мыйзамды сактайт. Полиция жолдо токтотуп, документ текшербейт, МАИ жолдо туруп унаа токтото бербейт. Пара берген же алган адам жок. Адамдар, автоунаалар - баары тартип менен, жол чыракка карап кыймыл аракет кылат, жол кырсыгын көрбөйсүң. Автобуска аялдамадан гана чыгып, түшүшөт. Ажатканаларынын тазалыгын айтпа, ал тургай музыка, кондиционери менени да бар.
Бул постту жазуудагы менин максатым - биздин эл да өз мекенибиз болгон бейиштей Кыргызстанды аясак, таштанды таштабасак жана ысырапка жол бербесек. Ар бирибиз пейилибизди оңдосок жана болбогон нерсебизге текеберленбесек, тартипти сактасак эле өлкөбүздү оңдоп коймокпуз”.
Булак: NazarNews.kg