www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги өлкөдөгү гидроэлектростанциялардын натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашырууда. Бул демилгелердин алкагында «Электр станциялар» ААКы быйыл бир катар маанилүү энергетикалык объектилерде пландалган иштерди баштоого даярдык көрүүдө.
Учурда Камбар-Ата ГЭС-2де экинчи гидроагрегатты эксплуатацияга берүү иши жазында башталат деп пландалууда. Бул этап министрликтин программаларынын алкагында жүргүзүлүп, станциянын генерациялык кубаттуулугун этап-этабы менен өнүктүрүүгө багытталган.
Ошондой эле жазында Үч-Коргон ГЭСинде эки гидроагрегатты реконструкциялоо иштери башталаары күтүлүүдө Планга ылайык, № 2 гидроагрегат боюнча иштер февраль айында, ал эми № 1 гидроагрегат боюнча иштер 1-марттан тарта башталат. Реконструкция иштери параллель жүргүзүлөт, бул станциядагы жабдууларды комплекстүү жаңылоону жана иштерди координациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Аны менен катар Камбар-Ата ГЭС-1де курулуш жана инфраструктуралык иштер улантылууда. Тактап айтканда, административдик-тиричилик комплексинде ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Курулуп жаткан жатаканада инженердик-коммуникациялык иштер, анын ичинде канализация жана суу түтүктөрүн тартуу, ошондой эле ички дубал тосмолорун монтаждоо иштери аткарылууда.
Курп-Сай ГЭСинин АБТ–220 кВ бөлүгүндө станциянын кубаттуулугун жогорулатуу максатында эки автотрансформаторду (АТ-1 жана АТ-2) алмаштыруу иштери башталды. Биринчи автотрансформаторду жеткирүү 2026-жылдын январь айына, ал эми экинчисин 2026-жылдын март айына пландалган. Монтаждоо иштери 2026-жылдын 1-апрелинен тартып башталып, күз айларына чейин аяктайт. Бул иштер Курп-Сай ГЭСинин иштөө мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу кеңейтүүгө шарт түзөт.
Мындан тышкары, «Электр станциялары» ААКнын кызматкерлери үчүн заманбап стандарттарга жооп берген жаңы административдик имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Жаңы имаратта кызматкерлердин натыйжалуу иштөөсү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Ошого жараша, 2026-жылы «Электр станциялары» ААКтын филиалдарынын административдик имараттары этап-этабы менен оңдоо иштерине берилери пландалууда.
Көрүлгөн иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин координациясында ишке ашырылып, гидроэнергетиканы туруктуу өнүктүрүүгө жана өлкөнүн энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.