www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун мамлекеттик катчы – мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы Марат Иманкулов композиторлор, обончулар жана музыка ишмерлери менен жолугушту.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө 1-этаптын жыйынтыгы менен тандалып алынган мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстинин 5 мыкты долбооруна музыкалык чыгарма жаратууга сынак жарыялангандыгы тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле бул сынакка композиторлор, музыканттар, ырчылар, музыкалык чыгармачыл жамааттар, студиялар, союздар жана башка уюмдар – курамы 5 адамдан ашпаган топтор катыша алары белгиленди.

Жолугушуунун катышуучулары өздөрүнүн суроолорун узатып, конкурстун 2-этабына коюлган талаптар жана уюштурууга тиешелүү маселелерди кызуу талкуулашты.

Сынакка катышуу үчүн өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелиши керек:

музыкалык чыгарманы музыкалык аспаптын коштоосунда же хор/оркестр менен вокалдык жана аспаптык аткаруудагы аудио же видеожазуу (USB-флеш-алып жүрүүчүдө);

гимн долбоорунун ноталык жазуусу (партитурасы) кагаз жүзүндө;

гимн долбоорунун тексти кагаз жүзүндө;

ар бир автордун жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу.

Эске сала кетсек, сынактын 2-этабына катышуу үчүн жарандар долбоорлордун кагаз жүзүндөгү вариантын 2025-жылдын 8-сентябрына чейин төмөнкү дарекке жөнөтүшү керек: 720040, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78.

Ал эми электрондук варианттары төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: [email protected]

Сынактын 2-этабы тууралуу жобо жана катышуу үчүн тапшырылуучу документтердин формалары тиркелет.

Последние новости