www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн астыңкы кабатына бала бакча ачууга уруксат берилди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева  маалымат жыйында  билдирди.

Анын айтымында, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жаңы курулуш нормасын кабыл алды.

"Ага ылайык, Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн астыңкы кабатына бала бакча, же баланы эрте өнүктүрүү борборлорун ачууга болот. Бул бала бакча бизнесин өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт", - деди ал.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости