www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марбург вирусунун очогу Экватордук Гвинея өлкөсүндө биринчи жолу катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.

Вирустан кеминде тогуз адам каза болду. Алардын баары Батыш Киентем провинциясынан.

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө 16 адам ооруга шектелип, карантинге алынган. Бардык бейтаптар ысытма, чарчоо, баш оору жана кандуу кусуу сыяктуу мүнөздүү белгилер болгон.

ДСУнун маалыматы боюнча, Марбург вирусу адамдарга жарганаттан жугушу мүмкүн. Мындан тышкары, инфекция жуккан бейтаптардан бөлүнүп чыккан биологиялык суюктуктар (кан, шилекей, заара) менен түздөн-түз байланышта, ошондой эле ар кандай органдардын беттери аркылуу активдүү таралат.

Эксперттердин айтымында, Марбург вирусу Эбола сыяктуу өтө жугуштуу жана учурда бекитилген дарылоо жок. Кошумчалай кетсек, бул ооруга каршы вакциналар да түзүлө элек.

Эске сала кетсек, өткөн жылы бул коркунучтуу оору Батыш Африкадагы Гана өлкөсүндө да катталган.

Последние новости