www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2026-жылдын 26-февралында суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков министрликтин жамааты менен биринчи жыйынын өткөрүп, расмий түрдө кызматына киришти.
Жыйын учурунда ал орун басарлар, башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилери менен таанышып, командалык иштин маанилүүлүгүн белгиледи.
Эрлист Акунбеков мурдагы министр Бакыт Төрөбаев демилгелеген беш негизги багытты улантарын айтып, түзүлгөн кесипкөй команда менен натыйжалуу иштөөгө умтуларын билдирди. Жаңы жетекчи Төрөбаев тарабынан айыл чарбасын өнүктүрүүдөгү жасалган жемиштүү иштерди жогору баалап, айрыкча суу секторундагы реформаны толук аяктоо министрликтин негизги приоритеттеринин бири болорун өзгөчө белгиледи.
- Бул курам менен биз эффективдүү иштейбиз, - деди министр. Ошондой эле, кадрлык туруктуулук приоритет экенин кошумчалады.
Эрлист Акунбеков жамаатты таза жана ачык иштөөгө үндөп, кыска мөөнөттө натыйжа көрсөтүүгө чакырды.