www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын Улуттук жыйыны бир добуштан «супружеский долг» деген түшүнүктү мыйзамдан алып салууну колдошту. Бул мыйзам долбоору жарандык кодекстеги «некедеги милдет» тууралуу маанилүү түшүнүктү тактап, никедеги адамдардын сексуалдык эркиндигин коргоого багытталат. Эми документ Сенатта каралып, кабыл алынса, мыйзам жазуу жүзүндө күчүнө кирет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Мари-Шарлотт Гарен («Жашылдар») менен Поль Кристоф («Горизонт») “никедеги милдет” деген түшүнүк жыныстык зордук-зомбулукту актоого колдонулуп келгенин белгилешти.

Мари-Шарлотт Гарен:
 - Биз мыйзамда мындай “никедеги милдетти” сактап, күйөөсүнүн аялына үстөмдүк кылуучу системаны колдоп келдик. Биз мыйзамды өзгөртүп, бул түшүнүк адамдын аң-сезиминде да жок болушун камсыздашыбыз керек, - деп айтты.

Поль Кристоф:
- Бүгүн Францияда ар бир төртүнчү эркек-аялдын каалоосу жок, жыныстык мамиледе болууну адаттагыдай көрөт. Биздин милдет андай көрүнүш туура эмес экенин эскертип коюу, - деп билдирди.

Жаңы мыйзам долбоору “бирге жашоо” деген түшүнүк “төшөктөгү милдеттүү секс” дегенди билдирбестигин так көрсөтөт. Мындан ары никедеги жашоо, сексуалдык мамиле кылууга милдет жаратпайт.

Последние новости