www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийинки бир айда 1,5 миңден ашуун мас абалда унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

2026-жылдын 20-июнунан тарта Кыргызстанда мас абалда унаа башкарган айдоочуларга карата жаза күчөтүлгөн мыйзамдагы өзгөртүүлөр күчүнө кирген.

Жаңы талаптарга ылайык, мас абалда унаа башкарган айдоочу 2 жылга айдоочулук укугунан ажыратылып, 80 миң сом айып пул төлөөгө милдеттүү.

Эгер мас абалда унаа башкаруу адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына себеп болсо, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жана 12 жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратуу жазасы каралган.

Белгиленгендей, Кыргызстанда адам өлүмү менен коштолгон эң оор жол кырсыктары көбүнчө мас абалда унаа башкаруудан, каршы тилкеге чыгуудан жана ылдамдыкты ашыруудан улам болууда.

Последние новости