www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Эки күндөн бери баарын изилдеп чыктым. Мен азыр кандай иштеп жатышса июль айына чейин тийбегиле, токтотуп тургула дедим. Анткени салыкчыларыбыз өздөрү даяр эмес экен. Мен муну кечээ билдим”, - деди Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарынын соодагерлери менен жолугушууда жаңы салык саясатын ишке ашырууга Салык кызматы өзү да даяр эмес экенин айтты. Жолугушуунун башында бир нече ишкер сүйлөп Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышты.

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов, “Дордой” ассоциациясынын негиздөөчүсү, коомдук ишмер Аскар Салымбеков да катышууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости