www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы жасалган көчөлөрүнүн бузулушу. Мэрия эмне дейт?

Социалдык тармактарда активист жана президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимовдун видеосу тарап, анда ал Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө төшөлгөн сапатсыз асфальт тууралуу айткан.

Мэриянын маалыматы боюнча, муниципалитет 2024-жылы борбордун негизги 6 көчөсүндө жолду капиталдык оңдоодон өткөрүүнү мерчемдеген. Алар көп жылдан бери оңдоодон өтө элек көчөлөр.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев тарабынан капиталдык оңдоонун жүрүшүндө сапатка жана жумушту белгиленген графикке ылайык аткарууга тыкыр көзөмөл жүргүзүү боюнча тапшырма коюлган.

Быйыл реаблитация боло турган 6 көчөнүн ичинен, Иса Ахунбаев жана Байтик баатыр/Жусуп Абдрахманов көчөлөрүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары аяктады.

Капиталдык оңдоону жүргүзгөн подряддык уюм менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, жумушту аткаруучу тарап, жол тилкесинин сапатына 3 жылдык кепилдик берет. Кепилдик мөөнөтү иштеген убакыт ичинде жол тилкеси чөгүп, жарылып же мөөнөтүнөн мурда сапатын жоготсо, подряддык уюм өз эсебинен калыбына келтирет.

Бишкек шаарынын мэриясынынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тапшырыкчы катары жол курулушунун сапатын текшерүү боюнча иш алып барууда.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтер тууралуу подряддык уюмдарга билдирилип жатат.

Айрым медиа каражаттарына жарыяланган кемчиликтер буга чейин муниципалитеттин тиешелүү кызматтары тарабынан аныкталган. Бүгүнкү күндө ал тилкелер көзөмөлгө алынып, алар боюнча иш жүрүп жатат.

Азыркы учурда негизги максат – белгиленген көчөлөрдө капиталдык капиталдык оңдоону аягына чыгаруу.

Үстүбүздөгү жылдын август айынын аягына чейин, аныкталган бардык кемчиликтерди жоюу, курулуштун сапатын талапка ылайык келтирүү боюнча ыкчам чаралар көрүлөт.

Эскерте кетсек, аталган жумуштар шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайсыздык жаратпоо максатында жүргүзүлүүдө.

Урматтуу шаар тургундары! Капиталдык оңдоодон өткөн көчөлөрдө жол тилкеси жарактан чыккан учурларды же кемчилик байкасаңыздар төмөнкү ыкчам байланыш номерлерине билдирүү калтырсаңыздар болот:

Октябрь району — (0708) 83-83-23, (0312) 53-03-15 (Осмоналиев Азамат);

Ленин району — (0555) 31-21-85, (0312) 53-03-15 (Шаршамбеков Кубаныч);

Биринчи май району — (0500) 50-02-57, (0312) 53-03-15 (Мамыр уулу Бакберген);

Свердлов району — (0707) 65-17-17, (0312) 53-03-15 (Борубаев Талант).

Последние новости