www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы жыл майрамдарынын алдында пиротехникаларды колдонуу жана аны менен иштөө эрежелерин эскертти. Мекеме колго жасалган пиротехникаларды колдонбоого чакырды.

"Колдо жасалган пиротехникалык буюмдарды пайдаланбаңыз! Анын жарактуу мөөнөтүн текшериңиз. Кургак кутунун ичинде болушу шарт. Нымдалышып калса, эч качан албаңыз. Нымдалышкан каражат жарылуу учурунда багытталган тарапка түз кетпей, тетири тарапты көздөй учуп, адамдарга же айланадагы буюмдарга зыянын тийгизет. Айыл жерлеринде короого жыйылган чөптөрдү өрттөп жиберүү коркунунчу бар", - деп эскертүүдө аталган мекеме.

Сатуучудан пиротехникалык каражаттын текшерүүдөн өткөндүгү жана сатууга уруксат кагазы бар экендигин суроо, текшерүүдөн өтпөгөн каражаттар коопсуздук талаптарына жооп бербей, кырсыктарга себепкер болуп калышы толук ыктымал экени белгиленген.

Жаңы жылда колдонула турган жардыргыч оюнчуктар өрт коопсуздугу сакталган соода жайларында гана сатылууга тийиш. Ошондой эле пиротехника менен соода кылууга Ички иштер министрлигинен уруксат кагаз алынышы шарт. Буга чейин пиротехникадан жеңил жараат алган учурлар катталган. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости