www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Нургожоевич айкөл адам болгону үчүн Атамбаевдин балдары депутат болуп отурат. Мындай пикирин Жаңыл Абдылдаева өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Садыр Нургожоевич Алмаз Атамбаевтен өч алып жатат деп кыйкыргандарга жооп:

Убагында Садыр Нургожоевичти жөн келе жаткан жеринен каматып, балдарын уруп, сабап кордук көргөзүп жатканда кайда элеңер? Садыр Нургожоевичтин айкөлдүгүнөн Атамбаевдин балдары депутат болуп жатышпайбы. Баласы жазып чыгыптыр атамды кордошуптур тизеси сыйрылыптыр деп Садыр жапаровдун атасы каза болуп жүрөгү сыйрылып турганда Садыр Нургожоевичти атасын акыркы сапарга узатууга бир ууч топо салуусуна уруксат бердирбей койбоду беле. Уялбай атамдын тизеси сыйрылыптыр дейт. Садыр Нургожоевич айкөл адам үчүн Атамбаевдин балдары депутат болуп отурушат», - деп жазган ал.

Эске салсак, 23-мартта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Биринчи май райондук сотко алып келишип, бирок ал автоунаадан чыгуудан баш тарткан. Анын жактоочусу - Атамбаевди №47 абактагы камерадан футболкачан жана ич кийимчен күчтөп алып чыгышып, күзөтүп жеткире тургандарга тапшырышканын айткан.

15-мартта Жогорку Сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 11 жылга эркинен ажыраткан буга чейинки сот өкүмүн күчүндө калтырган чечим чыгарган. Биринчи май райондук соту 2020-жылдын июнь айында Атамбаевди ал иш боюнча 11 жыл эки айга кескен. Бишкек шаардык соту бир айдан кийин райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости