www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Тиш өтпөгөн соң тышкы саясатты жөн коюп, ички саясаттагы ыйман, ырыс, ынтымакка пейилди түз койсок», - деди бүгүн, 6-майда NazarNews маалымат агенттигине журналист Жазгүл Карбосова.

 «Урматтуу жакшылар, өзгөчө соцтармактарда эл аралык, улуттар аралык мамилелерге кылдат болсок... Сырттан сын айтып, намыска тийип, оюбузду жаза бериш оңой. Ал маселелерди талдай билүү кыйын... Бул боюнча жогорку деңгээлдеги эксперттер жок эместир...

Андан көрө көөдөндү, көкүрөктү тазалап, жакшы сөзгө жардыланбай Эгемен өлкөнүн өнүгүүсүнө аз болсо да ар бир инсан салым кошсок. Кыргызстаныбыз бирөө эле. Ыйык Орозо айында Жаңы Конституциянын ак жолтой болуусун тилеп, кыйын кырдаалда өлкөнүн, элдин тагдырын өз жоопкерчилигине алган Президенттин кадамдарына үмүт артсак. Жакшы тилек жарым ырыс.

Тиш өтпөгөн соң тышкы саясатты жөн коюп, ички саясаттагы ыйман, ырыс, ынтымакка пейилди түз койсок. Пейили жакшы кем болбойт. Алга Кыргызстан!», - деп белгиледи Карбосова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости