www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазгы талаа иштеринин дээрлик 5 пайызы аткарылды

2026-жылга карата Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жалпы аянты 1 млн 250 миң гектарды түзөт. Анын 818,6 миң гектары сугат жерлерге, 432 миң гектары кайрак аймактарга туура келет. Учурда өлкө боюнча 609,1 миң гектар жер айдалып, жазгы талаа иштеринин 48,7 пайызы аткарылды. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 73,9 миң гектарга көп болуп, иштердин жогорку ыргакта жүрүп жатканын көрсөтөт.

Облустар боюнча эң жогорку көрсөткүчтөр Чүй облусунда катталып, 204,7 миң гектар жер айдалды. Баткен облусунда план 96,4%га аткарылса, Ош облусунда 55,3%, Ысык-Көлдө 53,6%, Таласта 54,4%, Жалал-Абадда 34,8% жана Нарын облусунда 22% аткарылды.

Жаздык дан өсүмдүктөрү 408,6 миң гектарга себилип, план 78,7%га жетти. Анын ичинде буудай 90,7%, арпа 87,4% аткарылды. Жүгөрү 82,7%, картошка 73,2% деңгээлде себилди. Пахта Жалал-Абад облусунда толук аяктап, 100% аткарылды. Кант кызылчасы 74,9%га, жашылча өсүмдүктөрү 73,5%га жетти.

Жалпысынан жазгы талаа иштери агротехникалык мөөнөттөргө ылайык уюшкандыкта жүрүп, дыйкандарды үрөн, күйүүчү май жана суу менен камсыздоо иштери көзөмөлдө. Ошондой эле түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн заманбап агротехнологияларды колдонууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Последние новости