www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу Арслан Койчуев жакында ЮНЕСКОнун жаңы шайланган баш директору Халид аль-Анани менен жолугушуп, аны Ысык-Көл форумуна чакырып келгенин билдирди. Бул жолугушууну Кыргызстандык элчи Садык Шер-Нияз уюштуруп, активдүү демилге көрсөткөн.

«Халид мырза, сиз экөөбүз тең байыркы Мисирдин тарыхына кызыгат экенбиз. Сиз фараон Эхнатондун доорун изилдеген окумуштуусуз, мен болсо жаңы чыгармамда Эхнатон тууралуу жазып жатам», — деген жазуучунун сөзү жаңы директордун өзгөчө кызыгуусун жараткан.

Аль-Анани мырза Розетта ташы, Дендера картасы, Нефертитинин бюсту сыяктуу байыркы эстеликтерди Египетке кайтаруу үчүн күрөшүп келген инсан катары белгилүү. Арслан Койчуев ага бул иштерди уланта бересизби деген суроо узатканда, «Жумушума киришип алайынчы», — деп сылык жооп кайтарган.

Маалыматтарга караганда, жаңы баш директор бул багыттагы аракеттерди уланта турганын Мисирдин маалымат каражаттары да жазып чыгышкан.

Жолугушуунун соңунда Арслан Койчуев Эхнатон тууралуу чыгармасын бүткөндөн кийин анын бет ачарын өткөрүү үчүн дагы бир ирет ЮНЕСКОго баруу ниетин билдирди.

Последние новости