www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте ушул жылдын 29-октябрында жарыктын массалык өчүрүлүшүн иликтөө үчүн ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы түзүлдү. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 29-октябрда, ордо калаада жарык жапырт өчүп, ЖЭБден (ТЭЦ) буу чыккан. Муну "Түндүкэлектр" ишканасы ЖЭБде авария болуп, жогорку вольттогу подстанция чыңалуусуз калган деп түшүндүргөн. Кийинчерээк ЖЭБдин директору Андрей Воропаев ал жерде авария болбогонун, жөн гана авариялык коргонуучу система иштеп кеткендиктен ЖЭБден буу чыкканын билдирген.
Андан соң "Түндүк электр" ишканасы жарыктын массалык өчүшүнө 110 жогорку киловольттук кабелдер себепчи эмес экенин айткан.
"29-октябрда болгон авариялык өчүрүүнү иликтөө үчүн ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Учурда алар өчүрүүнүн себептерин териштирүүдө. Бул иш сапаттуу жана толук кандуу иликтениши үчүн комиссиянын иштөө мөөнөтү 25-ноябрга чейин узартылды", — деп жазылат маалыматта.
Териштирүү, иликтөө иштери жыйынтыкталган соң толук маалымат бериле турганы айтылды.
Булак: NazarNews.kg