www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуунун кесепеттери кыска мөөнөттө калыбына келтирилет. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ЖЭБдеги жарылуу болжолдуу түрдө котельный цехте болгон. Учурда авариянын келип чыгуусун кырсыктан кийин түзүлгөн ыкчам штаб иликтеп жатат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен жарылуунун себептери аныкталат. Бул боюнча кошумча маалымат берилет.

"Жеринде ЖЭБдин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана энергетиктердин жамааты иштеп жатат. Кыска мөөнөттө Бишкек шаарынын жылуулук системасын кайра калыбына алып келебиз деп ойлойбуз. Шаардыктарды электр энергия менен камсыздоодо маселе жаралбайт жана үзгүлтүксүз берилет”, - деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн түндө ЖЭБде жарылуу болуп, шаардын жылуулук системасы үзгүлттүккө учураган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости