www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖЭБдин цехинин башчысы асынып алды

23-январда Жаңы-Ангрен жылуулук электр борборунун цехинин жетекчисинин сөөгү өз үйүндө асылган абалда табылды. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы кабарлады. Маалыматты Өзбекстандын Башкы прокуратурасы да тастыктады.

40 жаштагы аткаминер 20-январда жарылуу болгон цехти жетектеген. Кырсыктан эки эркек, бир аял өлүп, дагы үч киши жабыркаган. Басылманын өз булагы кабарлагандай, цехтин башчысы өлөрүнөн бир күн мурун суракка чакырылган.

Өткөн шаршембиде Жаңы-Ангрен ЖЭБинин 5-энергоблогунда профилактикалык иштер жүрүп жаткан маалда жарылуу болгон.

Ангрен шаардык прокуратурасы “адам өлүмүнө жана башка оор кесепеттерге алып келген эмгекти коргоо эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Кийинчерээк бул иш Ташкент облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин билдиришинче, Жаңы-Ангрен ЖЭБи 22-январда маркумдардын үй-бүлөлөрүнө 10 миң доллардан кун төлөп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости