www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-сентябрда Кипр тараптын демилгеси менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбостун телефондук сүйлөшүүсү болду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Константинос Комбос Кыргызстанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөгө бакубатчылык каалады.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.
Ошондой эле кыргыз-кипр кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында жолугушуу өткөрүү боюнча макулдашышты.