www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы мөңгүлөрдү жана Ысык-Көлдү коргоо жана сактоо фондун түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
№313 жарлык айлана-чөйрөнү коргоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Фонддун негизги милдеттери — мөңгүлөрдү сактоо жана Ысык-Көлдүн суу ресурстары менен экосистемасын коргоо боюнча долбоорлорду каржылоо үчүн эл аралык каражаттарды тартуу. Ошондой эле суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, суу ресурстарын мониторингдөө жана эсепке алуу, мөңгүлөрдүн деградациясына байланышкан өзгөчө кырдаалдар тууралуу эрте эскертүү системаларын түзүүгө колдоо көрсөтүү каралган.
Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, мөңгүлөрдүн эришинин кесепеттерин азайтуу жана тоолуу аймактардагы суу экосистемаларынын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча долбоорлор ишке ашырылат.
Министрлер кабинетине 2026-жылдын 1-октябрына чейин фонддун уюштуруучулук-укуктук формасы боюнча сунуштарды иштеп чыгып, тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.
Жарлык расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин, 18-сентябрдан тартып күчүнө кирет.