www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 7-сентябрында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Франциянын Улуттук жыйынынын Борбордук Азия-Франция достук тобунун төрайымы Катрин Эрвьё жетектеген делегациясы менен жолугушту.
Жолугушууда кыргыз-француз мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Тараптар саясий диалогду жана парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл бурушту.
Француз делегациясы Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы, ШКУ саммитинин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.
Жээнбек Кулубаев француз парламентарийлерине Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Франциянын командасы катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүк, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды. Министр Кыргызстандын эл аралык санкцияларга карата позициясын билдирип, тышкы соода операцияларынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымдады.
Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча диалогду улантууга даяр экенин билдиришти.