www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 23-сентябрында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-норвег мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.
Ошондой эле саясий диалогду, анын ичинде эки өлкөнүн тышкы иштер ведомстволорунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Тараптар региондор аралык кызматташтыкка да өзгөчө көңүл бурушту. Анын алкагында «Борбордук Азия – Түндүк Европа» форматындагы диалогдун актуалдуулугу жана практикалык мааниси белгиленди.
Мындан тышкары, жашыл экономика, туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана транспорттук өз ара байланыштуулук багыттарында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маселелери каралды.