www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-июлда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий иш сапары менен Венгрияга барат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында Жээнбек Кулубаев жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун төрагалыгы астында кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 3-жыйыны өткөрүлүшү пландалууда.

Мындан тышкары, КР ТИМ башчысынын Венгрия парламентинин, Венгриянын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен жолугушуулары, ошондой эле башка жолугушуулар белгиленген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости