www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 26-февралында Лондон шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Тышкы иштер министри айым Иветт Купер менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Сүйлөшүүлөр Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалына жана келечегине арналды. Тараптар саясий диалогду кеңейтүүгө, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө багытталган кыргыз-британ алакаларын мындан ары тереңдетүүгө берилгендигин ырасташты. Парламенттер аралык жана өкмөттүк деңгээлдерде делегациялардын үзгүлтүксүз алмашуусун улантууга өз ара кызыкдарлык билдирилди.
Министр Ж.Кулубаев эки тараптуу мамилелердин учурдагы деңгээлине оң баа берип, Кыргызстанда британиялык «Юнайтед Конкрит Канвас» компаниясы тарабынан цемент материалдарын өндүрүүчү заводдун курулушу, Улуу Британия Өкмөтүнүн Экспорттук кредиттер агенттиги тарабынан инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн кредиттик линиянын бөлүнүшү, британиялык каржы институттары жана консалтингдик агенттиктер менен суверендүү кредиттик рейтингдер жана Лондондогу эл аралык капитал рынокторуна чыгуу багытындагы кызматташтык, өлкөдө англиялык укуктун айрым элементтерин киргизүү, стратегиялык мааниге ээ минералдык ресурстар жаатында Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Сезондук жумушчулар программасын ишке ашыруу сыяктуу маанилүү долбоорлордун биргелешип жүзөгө ашырылып жатканын белгиледи.
Ошол эле учурда, КР ТИМ башчысы мындай позитивдүү жана жемиштүү жетишкендиктердин фонунда бир тараптуу чектөөчү чаралар эки өлкөнүн ортосундагы соода жана каржы байланыштарынын мындан аркы өнүгүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин өкүнүч менен белгиледи. Ал Улуу Британия тарабынан киргизилген санкциялык чараларга олуттуу тынчсыздануусун билдирип, кыргыз тараптын ачык, тең укуктуу жана өз ара пайдалуу диалогго даяр экенин баса белгилеп, конструктивдүү жана тең салмактуу мамилеге чакырды.
Министрлер ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашып, эки өлкөнүн ар кандай эл аралык уюмдар жана аймактык бирикмелер алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.