www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 25-26-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Улуу Британиянын тышкы иштер министрлеринин биринчи жолугушуусуна катышуу үчүн Улуу Британияга иш сапары пландалууда.
Сапардын алкагында Улуу Британиянын Тышкы иштер, Шериктештик иштери жана өнүгүү боюнча Мамлекеттик катчысы Иветт Купер жана финансылык уюмдардын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуулар, ошондой эле Кыргыз-Британ ишкердик кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусу пландалган.
Эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташтыкты кеңейтүүнү тараптар талкуулашат.