www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабановдун ээрчимеси Руслан Казакбаев кызматтан алынды, ошол күнү күндүз ал Орусия менен Борбор Азия жумурияттарынын тышкы иштер министрлеринин онлайн-жолугушуусуна катышкан. Ошол конференция тууралуу Кыргызстандын негизги маалымат каражаттары кабар бербегенине караганда, Казакбаевдин отставкасы көптөн бери даярдалып келгендей. Анын ордуна жаңы министр дароо табылганы дагы ошону көрсөтөт. Тез эле 2022-жылдын  27-апрелинде Жогорку Кеңеш Жээнбек Кулубаевди тышкы иштер министри кызматына бекитти. Анын талапкерлигин 71 депутат колдоп, каршы чыккандар болгон жок. Андан соң Кулубаев депутаттардын ишенимин актоого жана жыйында айтылган сунуштарды ишке ашырууга аракет кыларын убадалады. Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-апрель күнү кызматтан бошотулган. Президент анын ордуна Жээнбек Кулубаевди алып келген, кызматка толук дайындоо үчүн парламенттин макулдугу талап кылынат. Кулубаев буга чейин президенттин тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген

Казакбаев министрликке 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин келген жана ал кезде бул кадам – 9-октябрдагы тополоңдон кийин Казакбаевдин шефине каршы аракеттерди жумшартуу катары кабыл алынган. Ал шеф андан бери өз арактеттерин токтотпогону дагы, андан тышкары, акыркы мезгилде Москвада бир нече генералдын кызматтан алынганы да отставкага себеп болушу мүмкүн. Дипломатияга чейин Казакбаев КГБда иштеген. Айрымдар анын кызматтан кетишин – 15-апрелде Бишкекке АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Узра Зеянын келип кеткени менен байланыштырат, анткени Зея айым – 2015-жылы Атамбаев жокко чыгарган келишимди кайра түзүү тууралуу макулдашып кеткен. Андай да болушу мүмкүн, бирок дипломатиядагы чечимдер демейде мынчалык ылдам кабыл алынбайт.

Өлкөдө болуп жаткан иштер боюнча толук маалыматтарды алып турары тууралуу Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

- Атамбаев абакта отурат, ал эми ал киши өтүп жаткан кылмыш иш Октябрь окуяларында катышкан делген Руслан Казакбаев, Өмүрбек Бабановдор эркиндикте эле жүрүшөт деп Атамбаевдин тарапкерлери азыркы бийликти кош стандарттулукка айыпташууда. Буга эмне дейсиз?

Эч кандай кош стандарттуулук болбойт. Эгер болуп бараткан болсо, Президент катары, Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй, адам укуктарынын кепили катары мен өзүм кийлигишем. Мен деле баарына көз салып олтурам. Кайсы бир чуулгандуу иштерде ашып кетсе, 5-10 күн маалыматтан арта калышым мүмкүн, мага маалымат жетпей калып. Бирок баары бир өлкөдө болуп жаткан иштер боюнча толук маалыматтарды алып турам.

Бул маселе боюнча азырынча тергөө кандай тергеди, кимдерге күнөө такты, кимдер жөнүндө тергөөнүн кандай маалыматтары бар, мен билбейм. Балким Бабанов, Казакбаевдер башкаларга окшоп кыргын салабыз деген чакырыктарды жасаган эместир? Соттун чечимин күтпөйлүбү. Эгер адилетсиз чечим чыкса, анан изилдебейлиби, бул маселени.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстанга 26-майда Казакстан менен Өзбекстандын мамлекет башчылары расмий сапары менен келерин "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Журналист президенттен жаңы салына турчу Ак үй тууралуу сурап жатып, акыркы убакта чет мамлекеттерден жогорку даражалуу мейман келе электигине токтолгон.

"Чакырсаң баары эле келет. Аларды тосконго шартың начар болсо, кантип чакырасың. Былтыр Ысык-Көлдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өттү. Жанталашып үч айда резиденциянын ичине конгресс-хол сала калдык. Ошол абийирибизди жапты. Болбосо буга чейин чоң жыйын өткөрүүчү тыңгылыктуу залыбыз жок экен. Быйыл эми президенттер келе башташат. 26-май күнү түшкө чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, түштөн кийин Өзбекстандын башчысы Шавхат Мирзиёев расмий сапары менен келишет. 27-майда ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн президенттеринин баары Кыргызстанда болот", — деген Жапаров.

Мамлекет башчы ар нерсенин өз убагы келерин айтып, "бир дагы президент келбеди" дегендерди сабыр кылууга чакырган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости