www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Равшан Жээнбековдун уулу УКМКга суракка чакыртылды

Next TV телеканалынын ээси Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Бүгүн саат 15:00дө «Next» телеканалына карата жасалма кылмыш иши боюнча УКМКга күбө катары чакырылдым. Мен муну өлкөдөгү сөз эркиндигине, мага жана менин үй-бүлөмө кысым деп эсептейм», — деп жазган Азат Равшан.

Буга чейин жарандык активист, саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева Next TV телеканалына байланыштуу 1-апрелде саат 16.00гө суракка чакырылганын жазган.

Бул медиага карата Жазык кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» деген 330-беренесинин негизинде иш козгогон. Телеканалдын кеңсесине кирип-чыгууга тыюу салган.

5-мартта телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев эки айга камакка алынган. Кийин райондук соттун бул чечимин шаардык сот да колдогон.

Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым деп баалаган. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматты таратууда этият болуу жана эрежелерди сактоо керектигин белгилеген.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту февраль айынан тартып Айсулуу Кудайбердиеванын дагы бир ишин карай баштаган. Активистке Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) «2019-жылы кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн» деп айыптап жатканы белгилүү болгон. Кудайбердиева бул иштердин баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости