www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты, “Элдик” депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча депутаттардан кол топтоо аяктап калганын билдирди. Бул тууралуу ал 27-майда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып айтты:

“Президент, премьер-министр болуп отургандагы (ред: Сооронбай Жээнбеков) мыйзам бузууларын тактап, кагаздардын баарын топтоп атабыз. Кол топтоо иштери бүтүп калды. 2020-жылы пандемия учурундагы келген каражат жана ал киши премьер-министр болуп турганда Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу боюнча кагаздарды топтоп бүтүп калдык”, — деди ал.

Акылбек Түмөнбаев Жогорку Кеңештин 28-февралдагы жалпы жыйынында Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу демилгесин көтөрүп, депутаттык комиссия түзүү сунушун берген.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости