www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык мекемелердин коноктору жана тарбиялануучулары үчүн Жеңиш күнүнүн урматына майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Борбор калаанын мэриясы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата майрамдык программа даярдады.
6-майда саат 14:00дө Күрөңкеев көчөсү, 89 дарегинде шаардык «Ардагер» геронтологиялык борборунда 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган концерттик программа пландалган.

8-майда саат 10:00дө БМУнун Абай көчөсү 93 дарегинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө арналган майрамдык концерт да болот. Курчатов 70 көчөсүндө саат 10:00дө Адаптациялык борбордун тарбиялануучуларынын катышуусунда майрамдык иш-чара өтөт.
8-майда саат 11:00дө "Айданек" жашы жете элек балдардын реинтеграция борборунун тарбиялануучуларынын катышуусунда майрамдык иш-чара.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости