www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты

Бишкек шаардык сотунда Октябрь окуяларына байланыштуу айыпталып, камакта жаткан саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов жана Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы каралып, Жеңиш Молдокматов үй камагына чыгарылды. Асанов менен Ниязов абакта калды. Бул тууралуу Молдокматовдун жардамчысы Эрлан Бекчоро уулу билдирди.

“Замандаш” партиясы менен 2020-жылдагы шайлоого катышкан, кийин “Туран” партиясын түзгөн Жеңиш Молдокматов быйыл 8-майда камалган.

2020-жылы октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу нааразылык тоз-тополоң менен коштолуп, бийлик алмашуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандар абактан бошотулган.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкектеги митингге катышкан. Митингде жети киши жабыркап, жаңжал менен аяктаган, милиция кылмыш ишин козгогон.

Анын негизинде жалпысынан жети адамга айып коюлган. Анын ичинен Алмазбек Атамбаев, кеңешчиси Фарид Ниязов, мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, камакка алынган.

Атамбаевдин уулдары Сеид жана Кадыр Атамбаевдер да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген. Кийинчерээк шаардык сот Султанбеков менен Сагымбаевди үй камагына чыгарган.
Бул иштин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун иши өзүнчө каралып жатат.

Камалгандар дооматтарды четке кагып, саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости