www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын экс-мэри Жеңиш Токторбаев анык бүлүндүргүч тура. Анда мыйзам, эреже, укук деген түшүнүк жашабаптыр. “Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса” болуп, Ош шаары атасынан мураска калгандай, өз билгенин кылыптыр. Мынчалык дөөгүрсүгөн жетекчи буга дейре болгон эмес. Мындан кийин да болушу күмөн.

Дегенибиз, Ош шаарын карызга батырып, шаардын мамлекеттик муниципиалдык ишканаларын күрөөгө коюп насыя алганы эмне деген шумдук. Анысы аз келгенсип, канчалаган үй-бүлөлөр жан багып жаткан борбордук базарды жаап, далайларды сыздатты. Шаардын бюджетине түшүп турган кирешеден куружалак калтырды. Эч кимди көзүнө илбей ашынып кеткенин ушундан бил, көрүстөндү каздырып, ал жерди бошотуп көп кабаттуу үй салмак болгону жоругу эми билинип отурат. 

Мындан сырткары, Ош шаарына салынган Мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү, эч кандай мыйзам, токтом, соттун чечими жок талкалап, буздуруп, сүрдүрүп салган жүздөгөн үйлөрдүн ээлерине таратып салыптыр. Бирок бирөөнүн колунда менчик укугун далилдеген документ берген эмес. Өзүнүн менчик үйүнө киргизгендей эле, мыйзамдуу бир кагазы жок көчүрүп барып жайгаштырып салган. Бүгүн алар сүздүрүлгөн үйдөн жок, же көчүп барган үйлөрүнүн ээси эмес, ара жолду турушат. Анткени ипотекалык үйлөрдүн каражатын төлөөгө тийиш экен. Аларда андай акча жок, уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок, көз жаштарын көл кылышууда. Мамлекеттик ипотекалык компания бекер берели десе, банкрот болгону турат. 

Айтор, Жеңиш Токторбаевдин өзүм билемдик зөөкүрлүк жоругунун кесепетинен Мамлекеттик ипотекалык компания банкрот болуш керек, же үй-жайы сүрдүрүлгөн тургундар үйдөн жок талаада калышы кажет. Болбосо, “өлгөндүн үстүнө көмгөн” болуп, эч бир мыйзамдуу документтери жок көчүп кирип алышкан ипотекалык квартираларды акча төлөп алуулары керек. Башка жол жок.

Элибизде “жакшынын шарапаты, жамандын кесепети тиет” дейт. Токторбаев күнү-түнү жаны тынбай чуркап эл үчүн, мамлекет үчүн кызмат кылып жатат десе, тескерисинче, жалаң өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн күйүгүп, төбөсүнөн тери булоолонуп чуркап жүргөн тура. “Мал аласы тышында, адам аласы ичинде” деп таамай айтылыптыр. 

Көрсө, Токторбаев бүтүндөй Кыргызстанды “бүлүндүрүп, ишкерлерди тоногон” досунан үлгү алып, андан кем калбай далайлардын убалына калган экен. Андыктан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамдан аша чаап, элге, мамлекетке зыян келтирген Токторбаев ээн-эркин басып жүрүүгө акысы жок. Мыйзам алдында тиешелүү жазасын алышы зарыл. Мыйзам баарына бирдей. Өң караган тандалма мамиле өтпөйт. Эгер Токторбаев кардан ак, сүттөн таза болуп, суудан кургак чыкса анда бийликтин аброюна, адилеттигине шек кетет. Элдин ишениминен чыгат.

Последние новости