www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Украина кепилдиктерге умтулууда, Россия — аймактарга», — деп билдирди АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс, Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн негизги багыттарын түшүндүрүп жатып.
Анын айтымында, Москва өз көзөмөлүнө буга чейин басып алган аймактарды гана эмес, азырынча Украина карамагында турган жерлерди да кошуп алууну көздөйт. Ал эми Киев, Вэнстин белгилешинче, Россиянын мындан ары өлкө аймагына кайрадан басып кирбей турганына ишенимдүү болууну каалайт.
Ошону менен катар ал Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу өтө зарыл экенин белгилеп, бул жолугушуу эки тараптын командасы чечүүгө үлгүрбөй келген саясий туңгуюктан чыгууга өбөлгө болушуна үмүт артты.
«Менин оюмча, президенттин да, менин да негизги каалоом — эки лидер сөзсүз жолугушушу керек. Ар бир жагдайды майда-чүйдөсүнө чейин алдын-ала талкуулап чыгуу милдеттүү», — деди Вэнс.