www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Айдоочуларды даярдоо борбору” жеке менчик автомектебинин жетекчиси Медербек Тагайбек уулу массалык башаламандыкка шектелип кармалып, бир айга камакка алынганы белгилүү болду. 

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Тагайбек уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) кылмыш ишин козгогон.

Белгилей кетсек, Президенттин Иш башкармалыгы быйыл жыл башынан тартып Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүүнүн, автомектептерде окуунун жаңы тартибин бекиткен. Ушул жылдан баштап жарандар мамлекеттик автомектептерде окуй турганын айткан.

Жеке менчик автомектептердин жетекчилери 23-январдан тарта иш токтоп калганын, буга Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору бирдиктүү базаны жаап койгондугу себеп болгонун айтып чыгышкан.

Алар 27-январда мамлекеттик мекемеге барып, түшүндүрмө талап кылган. Автомектеп жетекчилеринин катарында Медербек Тагайбек уулу мекеменин кызматкерлерине нааразылыгын билдирип, маалымат каражаттарына маек берген.

Президент Садыр Жапаров 30-январдан тартып менчик автомектептердин лицензиясын токтоткон жарлык чыгарган.

Булак: NazarNews

Последние новости