www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеке жактардын Кыргыз Республикасынын салык статусун (резиденттигин) ырастоо боюнча функция Мамлекеттик салык кызматына өттү. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөттүн 2020-жылдын 8-декабрындагы токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салуудан качуу (четтөө) жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу тууралуу макулдашууларды аткаруу тартиби жөнүндө жобого тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Мында салык төлөөчүлөргө, анын ичинде жеке жактарга резиденттиктин сертификатын берүүнүн шарттары жана мөөнөттөрү өзгөрүүсүз бойдон калтырылды.

Кыргыз Республикасынын резиденттик сертификатынын болушу салык төлөөчүлөргө бир гана өлкөдө салык салынышына жана бир эле кирешеге кош салыктын салынышын четтетүү укугун берет.

Эске салсак, мурда резиденттик сертификаты Салык кызматы тарабынан юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге гана берилчү, ал эми жеке жактарга Экономика минстрлигинен берилчү.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости