www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2 ишеним + 2 жоопкерчилик

Садыр Жапаровду шайлоодогу таза ийгилиги менен куттуктайм! Кыргыз эли эгемендүүлүктү алгандан бери биринчи жолу эч кандай кызымсыз, акча тараткан сыяктуу кызыкчылыксыз, өздөрүнүн эркин каалолору менен Президент шайлашты.

Садыр Жапаров шайлоо үгүтүндө элге кайрылганда сураган ишенимди алды. Ишенимге кошулуп өтө чоң жоопкерчилик да моюнуна жүктөлдү. Бүгүн мен өлкөдөгү абалды карап туруп Садырдын мындан аркы иштешин ойлогондо душманыңа деле каалабай турган оор кыйынчылык күтүп турганын түшүнүп, жан дүйнөм түйшөлүп турат.

Мамлекеттин экономикалык абалы расимий булактарда 12%га чейин төмөндөдү деп жүрөт. Демек, чынында андан да төмөн 16-17 болушу да мүмкүн. Бул эмне дегендик? Казына бош. Эртең мамлекетин келечеги, өсүп өнүгүшү үчүн каражат жумшоону кой, ай сайын айлык маянаны, пенсия, пособияларды берүү кыйынчылыгы турат дегендик. Ага кошул - ташыл коомубуздагы моралдык-психикалык абал да курч. Жумушсуздук болуп көрбөгөндөй жогору. Жакырчылык улам сормо саздай соруп баратат. Ушундай кризистен эртең эле өлкөнү чыгарып, жашоо турмушту оңдоп, майкөл- сүткөл кылып, баарыбызды иш орун менен камсыздап жибергидей Садыр Жапаров сыйкырчы эмес.

Жомокто сыйкырчы Хоттабыч деген бар го сакалын жулуп эле баарын жасай берген. Биздеги абалды оңдошко Хоттабчтын сакалынын кылы да жетпейт. Садырды шайлаган шайлоочулар Садыр кызматтка отурган күндүн эртесинен эле баары оңоло баштачуудай кыял менен шайладык. Ушул кыялыбыздын кантип ишке ашаарын (деги эле ал ишке ашабы же...) ойлогондо жүрөгүм ооруйт.

Мамлекеттин бүгүнкү кризиске кептелишине Садыр күнөлү эмес ага 30 жылдан берки уланган коррупциялык система, мамлекети туура эмес башкаруу, ага кошул- ташыл дүйнөнү каптаган пандемия оорусу болду. Шайлоодо жеңишке жеттим жеп майрамдаш өтө эрте. Каалаган адамыбызды шайлап алдык деп кубануу шайлоочулар үчүн да эрте.

Шайлоодо эл буга чейин болуп көрбөгөндөй бирикти. Жалпы элдин келечекке болгон үмүт-тилеги региондорго, уруу-урууга бөлүнүү деген түшүнүктөрдү тебелеп кетти. Биз улут катары түбүбүз бирге ажырагыз ынтымагыбыз бар экенин көрсөттүк. Керек учурда бир лидерди туу кылып көтөрө аларыбызды көрсөттүк.

Элдин биримдиги, ынтымагы бул өтө чоң күч. Ушул күч ажырабаса, мындан ары да дагы күчөп ширелишип аракет кылса анда мен жогоруда айткан кыйынчылыктарды опоңой жеңип чыгат. Так ушундай элдин бириккен күчү мамлекеттеги экономикалык,моралдык кыйынчылыктарды женгенди бул жакка кой керек болсо башкаларды да өзүнө бириктирип империяларды түзгөн.

Шайлоо ийгилигиндеги ушул артыкчылык гана мени кубандырып ишенимге үмүттөндүрөт. Бобосо «Садырдын иши келечекте кандай болоор экен?»- дегенди ойлогон сайын түн уйкудан калуудамын. Анткени мен Садырды колдогонум үчүн айрымдар «Ак шакал. Дайым чындыкты айтчу элең, калыстыктан тайдың»- деген сыяктуу сөздөр менен жекире башташты. Бирине деле жооп бербедим. Анткени жоопту келечек берет. Же чын эле «Ак шакал» болуп, башым шылкыят. Же ишенген үмүт акталып мени ар кандай жаман сөздөр менен атагандардын ооздору жабылат. Менин болсо эл алдында жүзүм жарык болот. Садырды бир миллиондон ашык шайлоочу шайлады. Мен уккан жаман сөз силердин ар бириңерге тиешелүү экенин унутпагыла. Анткени, жалгыз мен шайлап эч нерсе чече алмак эмесмин. Барыбыз бириккендиктен максатка жеттик. Мындан ары да бир болууга милдеттүүбүз. Маселе ушуну баарыбыз түшүнө алабызбы? Бул чоң суроо.

Саат эгер ичиндеги механизиминин баары жакшы, так иштесе туура жүрөт. Бир эле тетиги бузулса, жүрбөй артта калган сыяктуу убакытты көрсөтүү милдетин туура аткарбайт. Мамлекеттик бийликтин иш системасы да ошондой. Эгер мамлекеттик башкаруу системасы туура жолго коюлуп ар бир тармагы өз милдеттерин так аткарып, туура иштебесе анда мамлекетте өсүп өнүгүү болбойт. Садырдын биринчи иши ушул башкаруу системасын оңдошто турат. Болбосо өзү күнү түнү уктабай тыным албай иштесе да жалгыз колунан эч нерсе келбейт. Бузук система бүт эмгегин талаага кетирип, артка кетенчиктей берет. Ал эми аны оңдош оңой иш эмес. Бир эле тоскоолдугун айтайын. 30 жыл кан-жанга сиңип терең оруношкон коррупцияны жоюш колдон келээр бекен? Мыкты кадрларды тандап иштин көзүн билген кызматтарга коюш колдон келээр бекен? Айтканга жеңил аткаруу кыйын. Ар бир ишке кадам таштаарда эл тарабынан өзүнө берилген Ишеним + жоопкерчиликти эстеп турушу керек. Бул жүрөгүндөгү тумар болууга тийиш.

Эмне себептен теманы 2 ишеним+ 2 жоопкерчилик деп койдум. Сырын эми ачайын. Садырга берген ишеним+жоопкерчилик аны шайлаган шайлоочуларынын моюнуна да жүктөлдү. Так ушуну эстен чыгарбайлы. Садыр бүгүн ар бир жасаган ишин «Эл мени колдойт» - деген ишеним менен жасайт.

Демек, аны колдоо жана оорун жерден, жеңилин колдон алуу жоопкерчилиги шайлоочулардын моюнунда турат. Коррупционерлерден эле баштайлы. Ал жомоктогу каарман эмес да. Жаныбызда биз менен эле кошо жашап жүрүшөт. Айрымдарыбызга жакын тууган,дос тамыр дагы болушу мүмкүн Эртең алар камала же жасага тартыла баштаса эмне болобуз? Биз Садырды шайлап атканда «Коррупцияны жок кыл» - дегенбиз. Бирок ишти биздин жакын тууганды же дос тамырдан баштаарын, ичкен-жегенин кустуруп камаарын билген эмеспиз. Же билип туруп шайладык беле? Эми кантебиз? Ушул жерден баягы биримдигибизди сактап кала алабызбы? Дагы да колдбойбузбу? Же «Менин тууганыма, дос тамырыма тийбе. Тигил кошунаныкын эмне кылсаң өзүң бил»- деп чыгабызбы? Мына ошондо ар бирибиз моюнубуздагы Садырды шайлап жатканда андан алган ишенимди+ жоопкерчиликти ойлойлу. Коррупционер жатындаш бир тууганыбыз болсо да «Колуң менен жасаганды моюнуң менен тарт. Мыйзам ушундай»- дегенге жарайлы.

Экинчи жагдай, белди бекем бууп жок дегенде 2 жыл бүгүнкүдөй кыйынчылыкка чыдайлы. Ошондо биздеги жогорку биримдигибизден жаралган улуу ыйык күч өз ордунда болот. Ошондо биз өзүбүз шайлаган лидер менен биргеликте өсүп өнгөн мамлекетти кура алабыз. Ошондо биз чыныгы жеңишке жетебиз. Ошол күнү жеңишти майрамдасак жарашат.

Эгер ушул биримдигибизди сактап ар кимибиз өз жоопкерчилигибизди туура түшүнбөсөк, ишенимди актабасак, анда И.Разаков же Чынгыз ханды тирилтип келип Президент шайласак да ишибиз оңолбой, жакырчылыктан баш чыкпай тамтаңдап жүрө беребиз.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости