www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш бүгүн, 24-июнда экинчи жана үчүнчү окууда президент жана парламент депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун кабыл алды.
Мыйзам долбоору үчүн 79 депутат добуш берди.
Буга чейин Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 24-январына дайындалган болчу.
Эми президентти шайлоону анын ыйгарым укуктары аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде, тактап айтканда 27-январда өткөрүлөт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо да шаршемби күнү өткөрүлөт. Шайлоо күнү эмгек акы төлөнүүчү эс алуу күнү деп эсептелет.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар Камила Талиева, Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев жана Айбек Алтынбеков.