www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист Ырыскелди Жекшеналиевдин Кыргыз улуттук университетиндеги окуусун улантуу маселеси бүгүн, 13-июлда Бишкек шаардык сотунда каралды. Териштирүү 29-августта уланмай болду.

Адвокат Кантемир Турдалиев блогер былтыр тергөө абагына камалганда аны окуудан чыгарып коюшканын, камактан чыккандан эки күндөн кийин 28-октябрда кайра студенттик макамын калыбына келтирүү тууралуу арыз жазганын, бирок университет анын окуусун улантышына каршы болуп, ошондон бери териштирүү уланып келе жатканын айтат.

“Мен кайра окуюн десе булар созуп, министрликке жөнөтүп, министрлик кайра окуу жайга жөнөтүп башташканда биз сотко кайрылууга мажбур болгонбуз. Ленин райондук соту быйыл 13-мартта Жекшеналиев күндүзгү бөлүмгө кайра кабыл алынсын деген чечим чыгарып берген. Ошол чечимге булар макул болбой апелляциялык арыз берип, эми минтип шаардык сотко келдик", - дейт ал.

Ленин райондук сотунун чечими 30 күндөн кийин, тактап айтканда, 14-апрелде күчүнө кирген.

Жекшеналиев университет "Биз шаардык сотко арызданбайбыз, бул жылы сырттан окуй тур, кийинки жылы күндүзгү бөлүмгө киресиң" деп сөз бергенин, бирок бул убадасына турбай койгонун быйыл 15-июнда билдирген жана сырттан окуусун улантып жатканын айтып, окуу жайдын өкүлдөрүн шаардык соттон арызын алууга чакырганын айтат.

"Отчислить нельзя восстановить!" , - сот көшөгө артындагы адамдар менин бул ишим боюнча "үтүрдү" кайсы жерге коёрун билбей баштарын мыкчышууда. Коомдо Жекшеналиевдин камактагы мөөнөтү менен Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечими эки айдан эки айга узартылып келе жатат деген кеп тарап жатыптыр. Чынында жиби жок байланып турабыз, дагы камакта 25-сентябрга чейин болом. 

Бүгүн, 13-июлда окуум боюнча Бишкек шаардык сотунда биринчи отурум болуп өттү. Соттон КУУнун өкүлдөрүнө бактылуу пенделер экенин эскерттим. Анткени, Советтик доордо мына ушул окуя кайталанганда, бул юристтер “эл душманы” атыгып, эбак атууга кетмек. Дегеним, бу Жолойлор Конституцияга, өкмөттүн токтомуна, андан тышкаркы нормативдик укуктук актыларга каршы иштеп, шамалды кууп жөнөштү", - деп кошумчалайт.

Аталган университеттин юристтери менен байланышканда алар апелляциялык арыз 5-апрелде, райондук соттун чечими күчүнө кире электе берилген деген жүйө келтиришкен.

20 жаштагы студент, блогер Ырыскелди Жекшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону "Полит Узник" баракчасына чыгаргандан кийин, былтыр августта камалган. Ошол жылы 24-октябрда үй камагына чыгарылган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Калайман башаламандык) 3-бөлүмү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш иши козголгон.

КУУнун Юридика факультети аны окуудан сабакты "себепсиз калтырды" деген негиз менен чыгарганы белгилүү болгон.

Жекшеналиев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости