www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөнүн жаңыланган туусун көтөрүү аземине эмне үчүн президент Садыр Жапаровдун катышпаган себебин түшүндүрдү.

«Жаңыланган тууда кардиналдуу өзгөрүү болгон жок, негизги идея сакталып, бир аз гана техникалык өзгөртүүлөр киргизилди. Ошого байланыштуу иш-чараны Садыр Жапаровсуз өткөрүү чечими кабыл алынды», — деди ал.

Бүгүн, 8-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган жетекчилер, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов «Ала-Тоо» аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышып, желек илинген болчу.

Жергиликтүү ЖМКлар желек кайра түшүрүлгөнүн жазышты. Маалыматка караганда, желек айрылып калган. Ал алмаштырылып, кайра бат эле тагылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости