www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 13-июлда Талас облусуна “Альянс Алтын” ишканасы жалпы суммасы 1 млн сомду түзгөн 3 даана BiPAP медициналык аппаратын, 20 кычкылтек концентратын жана 20 пульсоксиметр керектүү медициналык жабдыктарды жеткирип берди. Бул тууралуу маалыматты жеринен Умар Анарбаев билдирди.

“Альянс Алтын” ишканасы биз муктаж болуп жаткан аппараттарды алып келди. Буга чейин алар 10 млн сом, “Бакубат Талас” фонду 6 млн сом бөлүп берген. Азыр 1 млн сомго 20 кычкылтек концентратын жана 20 пульсоксиметр берди. Мекеменин башчысы Таиров Шайлообекке ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн алынып келинген аппараттар ооруканаларга жайгаштырылат”, - деди өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев. Сатып алынган аппараттар оперативдүү түрдө облустук ооруканаларга жөнөтүлдү. ҮМБнын Талас облусу боюнча башчысы Айжамал Шамбетова билдиргендей, алар Талас облустук бириктирилген ооруканасына, Талас аймактык ооруканасына жана Бакай-Ата жалпы дарыгерлик практика борборуна бөлүндү. "Бул аппараттар бүгүн абдан маанилүү болуп саналат. BiPAP аппараты колдонулган бейтаптардын тезирээк сакайып кетүүсүнүн көрсөткүчү жогору. Буга чейин Талас облусунда төрт гана BiPAP аппараты болгон", - деди Шамбетова.

Андан тышкары "Альянс Алтын" ишканасы Талас облусундагы коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн ондогон зарыл жабдууларды бирди. "Бул чоң жардам, бирок биз дагы эле жетиштүү эмес экенин түшүнөбүз. Биз мындан аары да жардам көрсөтөбүз жана дагы жабдууларды алып келебиз деп сөз беребиз”, - деди "Бакубат Талас" фондунун башчысы Умар Анарбаев.

Белгилей кетсек, ВiРАР- бул өпкөнү желдетүүчү аппарат. Аны менен бир гана коронавирусту эмес, андан тышкары клиникалык симптомдору бар бейтаптарды (демигүү, эртең мененки баш оору, уйкунун бузулушу, чарчоо ж.б.) дарылоого болот.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости