www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Женевада БУУнун Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитетинин жыйынында тажик аткаминерлерине соттолгон журналист жана жарандык активист Ульфатоним Мамадшоева боюнча суроо берилди.

БУУнун баяндамачысы Рангита де Силва де Алвис 31-январда өткөн жыйында тажик делегациясына: «Анын жана башкалардын адилет соттук териштирүү укугу канчалык деңгээлде камсыздалган?» - деп сурады.

Бул суроого Тажикстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Абдурахмон Аламшозода жооп берип жатып, өкмөттүн позициясын колдоду.

«Ал мыйзамдын бир нече беренесин бузуп, соцтармактар аркылуу элди башаламандыкка үндөгөн. Мамадшоева Душанбеде чет мамлекеттердин атайын кызматтары менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп, аларга мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарды берип турган. Ал ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун курамында болгон, укук коргоо түзүмдөрүнө жана стратегиялык объекттерге каршы аракеттерди уюштурган», - деди Аламшозода.

Ошол эле маалда аткаминер активист Мамадшоева мамлекеттик сырларды камтыган маалыматтарды кандайча алганын түшүндүргөн жок.

66 жаштагы Ульфатоним Мамадшоева 2022-жылы декабрда 21 жылга эркинен ажыратылган. Активисттин соту жабык өткөндүктөн, өкүмдүн чоо-жайы белгисиз.

Мамадшоевага Кылмыш-жаза кодексинин сегиз беренеси, анын ичинде конституциялык түзүлүштү кулатууга ачык чакырык жасоо боюнча кылмыш иши козголгон.

Тажик бийлиги Ульфатоним Мамадшоева менен анын мурдагы күйөөсү, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин генералы Холбаш Холбашовду 2022-жылдын май айында Рушан районунда жана Хорог шаарында жапырт башаламандык уюштурган деп айыптаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости