www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Туран” партиясынын лидери, оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовдун адвокаты Кантемир Турдалиев Биринчи май райондук сотунун токтомуна каршы Бишкек шаардык сотуна арызданат. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна билдирип, райондук соттун чечимин колуна алганын айтты.
“Жеңиш Молдокматовго биринчи Жазык кодексинин “Имараттарды жана курулуштарды басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Аны эми “Массалык башаламандыктар” беренесине которуп бардык күнөөнү илип жатышат. Бул – абсурд”, - дейт жактоочу.
Былтыр парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов 8-майда Биринчи май райондук сотунун токтому менен эки айга камалды. Жактоочусу эми анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу шаардык сотко арыз жазарын кабарлады.
Булак: NazarNews.kg