www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Мукамбетов: “Пенсияларды төлөө убагында жүргүзүлөт”

10-декабрдан баштап, декабрь айы үчүн пенсияларды төлөө башталат. Бул тууралуу Социалдык фонддун өкүлү Жеңиш Мукамбетов бүгүн, 7-декабрда Биринчи радионун эфиринде билдирди.

Анын белгилешинче, пенсиялык төлөмдөрдү жүргүзүүдө айрым мүчүлүштүктөр орун алып, кечиктирилиши мүмкүн деп тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Андыктан пенсионерлер кабатыр болбой эле койсо болот.

Мукамбетов кошумчалагандай, пенсия алуучулардын саны жыл санап өсүүдө. Маселен, мындан 10 жыл мурда 530 миңдей киши болсо, бүгүнкү күндө 690миңдей жаран пенсия алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости