www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жамандыр жакшыдыр кыргыздын тилеги бар эле, азыр да бар: Кыргызстан экинчи Швейцария болсо…! деген. Аны ким айткан күндө да кыргыз өзү бул кепти салыштыруу лексиконуна биротоло макал кылып киргизди. Көчөдө да, мончодо да, шаарда, парламентте, басма сөздө да ушул: «Кыргызстан экинчи Швейцария болобу…!?» деген, - Болсо кана! деген, -Аа-таңгөрү десең!» деген…
Эгерде биз толук президенттик башкарууга өтсөк эми мындай тилекти биротоло унутушубуз керек. Кош бол! дешибиз керек. Кош бол, Орто Азиянын «ак каргасы» дешибиз керек. Анткени, Швейцарияда президенттик бийлик эмес. Швейцарияда президент бир эле жылга келет.
Демек, сөздүн түз маанисинде эл өз өлкөсүнүн президенти ким экенин унутуп да калат. Элдин президент менен иши да жок. Бардыгын элдик көзөмөл, элдик добуш чечет. Тоо ичиндеги ар бир айыл өлкөдө бир кишинин көзүн карамак тургай борбор шаары – Берн менен да чатагы жок. Анткени бала бакчасы, медицинадан баштап, сот иштерине чейин ар бир кантон (облус) өзү менен өзү, ар бир аймак өз тирилигин өзү кылат. Берн – болгону баарынын башын бириктирген бекем чеп кана болуп берет. Облус башына кимди алып келесиң, районду кимге башкартасың, айылга ким башчы болот – анын баары жергиликтүү бурадарлардын өз иши, өз тандоосу. «Өз өлкөсүнүн президенти ким экенин унутуп калат» деген бул анык биз эңсеген жомок деген сөз.
Бул демек, алты жарым миллион киши бир кишинин көзүн карабайт деген сөз. Бир кишинин көзүнүн агы менен айланбайт деген сөз. Бул демек, бүткүл калк бир кишинин оту менен кирип, күлү менен чыкпайт, ага жүгүнбөйт, эч ким ага жагалданбайт, пас болуп бутун өппөйт, анткени мамлекетте адампенденин баардыгы бирдей деген сөз. Бул деген бир карабашыл кишини жүздөп киши кайтарбайт, анысы эң жөнөкөй көлүк менен жумушуна келип-кетет, ал өтүп кетсин деп бүтүндөй бир шаардын көчөсүн какыйтып коюп кыжырды кайнатпайт, анткени ар бир мүнөт бүт жаранга бирдей жана баалуу деген сөз, бул демек бир карабашыл киши үчүн дүйнөдө менсинген он өлкөнүн бири болсо да президент үчүн мамлекет акчасын коротпойт, баарынан элдин акысы, жыргалчылыгы бийик турат деген сөз.
Мамлекеттин ТАГДЫРЫН бул жакка койдум, мамлекеттин майда тирилигинде бир эле кишинин каалоосу эмес - бүт швейцарлар каалоосу аркылуу чечилет деген сөз бу! Ушундай ачыктык жагабы же караңгы хандык жагабы сага, тууганым?! Эгерде кыялга жеткибиз келсе эч болбосо ошого окшогон үлгүлүү өлкөлөрдү көздөй жөн эле жүзүбүздү бурсак эмне, тескерисинче тескейди карабай. Биз тескейди айланып келгенче оо кыргыз, дагы канча өмүрүң текке кетип төгүлөөр экен тер болуп.
Жамандыр жакшыдыр кыргыз ыңкылаптарынан кыргызга бир жакшы сөз артты: «Намыстуу эл экен, бирөөгө басынгысы келбеген көк жал эл экен!» деген. Бул чыркыраган чындык! «Байкуш, бечара кыргыздын» башын көтөрткөн жалгыз жылаңач чындык ушул. Бул жөн эле чыккан сөз эмес, бул деген менталитет, бул тарых, бул кылычтан тамган, дүңгүрөгөн көчмөн туяктан жалт эткен учкун мүнөз!
Биз мындан аркы заманга да ошол мүнөзүбүздөн алыстабаган жашоо-эреже түзүп жашашыбыз керек. Антпесек билесизби, болгону – башкасы бизге туура келбейт. Анткени резиденцияда, бир үй бүлөдө, жашынган адеми бир үйдө, достор болуп, тууган-урук, куда-сөөк болуп чечилген чечимдерди көк жалдык намыс бир күнү болбосо бир күнү көтөрө албайт…
Ал сапат ар бир кыргызда бугуп жатат. Жөн да эмес жолборс болуп бугуп жатат. Кызыл чеке болуп, талашып тартышып, акыры анан бир чечимге эч болбосо бир чеңгел каалоосун кошуп алып анан ыраазы болуп, жашоосун улантат кыргыз. Ошентип улантып келген жашоосун. Айта берсе кеп бүтпөс… Тандоо өзүңдө. Баарысын жалгыз бир киши чечкендин кесепетин үч жолу (!) көрсөк да кайра эле жалгыз кишинин көзү менен тегеренип айлангыбыз келет экен…!!! Тандоо өзүңдө кыргыз эл.
Ошентип, эки күндөн кийин Ала-Тоого ажо шайлоо күнү. Ала-Тообуздун ар бир тагдыр чечээр ишине кайдыгер карабай, үй-бүлөм менен кыргыз элчилигине добуш бергени барам. Бюллетень менен кошо добушумду эле эмес «Өксүбө! Арыба! Чаалыгып чарчаба!» деп Ала-Тоону ийинден сүйөгөн сүйүүмдү кошо саламын! «Утканың пас болбо, утулганың кас болбо!» деп жерибизге тынчтык тилегимди кошо саламын. Калганын мезгил көрсөтсүн, азырынча башка сөз, арга да жок кылаарга…
Жеңишбек Эдигеев. Женева
Булак: NazarNews.kg