www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин аэропортунан “Асман бизден башталат” деген жазууну окудум. Табылга сөз экен. Ар бир эл ушинтип жазса болот. Бирок асман бүт адамдын тагдырын колуна мыкчып кармап турат. Айтылуу Аристотель айткан: “Адамдардын үч тиби бар – тирүүлөр, өлгөндөр жана деңизге сапарга кеткендер” деп. Анын сыңары асманга сапар алгандардын да жаны бир, тагдыры бир асманга байлануу болот. Асман керемет – сүйүнөсүң. Асман чексиз – жүрөксүйсүң. Дайыма сапар алдында кудайга тилек кыласың, жалынасың. Асмансыз кантмекпиз. Учуш үчүн асман керек. Куш ошол үчүн бактылуу. Ошол үчүн эркин. Көккө сызган үчүн. Көктө сызгандар жерде сезе албайт бакытын. Чымчыктар капастан көктү самашат. Куштар да. Капастын артындагы адамдар, айбандар да көктү карашат. Эркиндикти сезиш үчүн асман керек. Учак үчүн асман керек. Өлсөң, жан учуп кетиш үчүн асман керек.
Бишкек. Аэропорт. Биздикилер “Асман бизден башталат” деп жазыптыр. Ылайым, ачык болсун асманың!

Акыл агылып келе бербейт казылып келет.

Ак үй коргонушу керек эмес, коргошу керек.

Мыйзам бийик, салт улук. Экөөнөн чыкпаганың демек жолдон чыкпаганың.

Сөздүн тагдыры ушундай. Ал бүтпөйт. Түгөнбөйт. Жүрөктү сүйүнтөт, жүрөктү оорутат. Анан да Сөз ошол бойдон айтылбай калат, тил учунда турса да...

Бир сызык ой: төрөлдүң ыйладың. Жашадың ыйладың. Сүйдүң ыйладың. Оорудуң ыйладың. Өлдүң ыйладыңбы же ошондо тыйылдыңбы...

Бирөөнө бир жолкуда арбаласың, бир жазууну он окуп да аңдай албайсың...

Жыгымчы
Ак-Сайдын кой кыркымында жыгымчы деген атайын жумуш бар эле. Ар бир кыркымчынын жыгымчысы болуп, жаңы кой короо кирээри менен шакмары аз, чыбашы жок, жүнү жакшы койлорду шыйрактан илип-илип алып жерге көтөрүп чаап, буттарын ары-бери буулай салып кайра башкасына бүркүттөй тийчү. Демейде кыркымчылар макталчу эле Ак-Сайда жыгымчылардын кадыры алардан кем эмес болчу. “Жыгымчым баланча болсо анда эле эч кимди алдыма салбайм” деп бакылдашчу кыркымчылар. Жанына 3-4 койду запастап байлап, кыркылган койдун жүнүн чуркап барып өткөрүп келип, кыркымчысынын колунун ыргагы, көзүнүн кыймылы менен тең айланып, кожоюнуна сөз да жаман көз да жуутпай чуркап иштешээр эле. Азыр болсо ал кездегидей кой кыркын да жок, кыркымчы да, андай жыгымчылар да жок. Азыр ал - саясий жыгымчылык кызматка айланып кеткен. Бир окшош жери азыр да ал жыгымчылардын кадыр-мааниси чоң. Алардан көп нерсе көз каранды. Кожоюнга жаманды жашырат, жакшыны апыртат. Татыктуу сыртта калат, таанышын тешиктен киргизет...

Адамдын бул дүйнөсү менен тиги дүйнөсү. Өлүмдөн кийин эмне бар? Буга динден бөлөк эч бири батынып жооп бере албай келет... Ошол үчүн дин биздин баш оорубуз болуп турат.

Бирөөнө сүйлөш оңой, бирөөнө жазаш оңой, бирөөнө жазыш оңой... бирөөнө баары кыйын.

Өлкөбүздү душмандан эле эмес уят, шылдың болгондон коргоо деген бир милдет бар...

Ит жашообу, куш жашообу, бок жашообу баары бир алар өлүмдөн артыкпы?

Биздин оорулуу коомду саясатчылар дарылай албайт, алар ого бетер ырбатат, бизди жаратмандар өйдө тартып чыгарат.

Азыркы жаштарга ичинен чыгалы десе үлгүлүү “шинель” жок...

Башкысы бийиктикке чыкканга жол тапсак... а ылдыйга көз жумсаң да балп деп түшөөрсүң....

Бир эле Мекен бар. Бирок Жерден да бирөө гана! Бүгүн экөөнө тең аяр мамиле керек!

Автор, Жеңишбек Эдигеев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости