www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айрыбаз айыл аймагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) алкагында козголгон кылмыш ишинин тергөөсү аяктады.
Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагынын токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын 581 жаранына 95 га жер тилкеси бөлүнүп берилген. Ошол эле учурда, Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагында жашабаган адамдарга жер тилкесин берүү фактылары, ошондой эле айрым райондук деңгээлдеги кызмат адамдарынын туугандарына берилген фактылар тергөөнүн жүрүшүндө аныкталып, документтештирилди.
Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Айрыбаз айыл аймагынын башчысы К.Т., анын орун басары И.И. жана жер адиси А.А.га Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде каралган кылмышты жасаган деген айып тагылып, ээлеген кызматтарынан четтетилишкен.
Учурда кылмыш ишин Баткен облусунун Кадамжай райондук соту карап жатат.
Булак: NazarNews.kg