www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 28-мартта болгон жер титирөөдөн Талас районунун Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында 17 турак жайдын дубалдарынан майда жарака кеткенин билдирди.

Маалыматка караганда, аларды ичинен 11 үй камсыздандырылса, алты турак жай камсыздандырылган эмес. Авариялык абалдагы турак жайлар жок. Ушул тапта тактоо иштери уланып жатат.

28-мартта (саат 04:42де) Казакстандын аймагында күчү очогунда 5,5 магнитудасына жеткен жер титирөө болду.

Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга чейин сезилген.

Силкинүүнүн очогу Көпүрө-Базар айылынан 20 чакырым түндүктө, Бишкек шаарынан 133 чакырым түштүк-батышта болду.

Жердин титирөөгө байланыштуу Кыргызстанда айгай жарыяланып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда жыйын өттү.

Последние новости