www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамзат Жер планетасын химиялык булгоонун белгиленген чегинен ашып кеткендигин Айлана-чөйрөнү изилдөө боюнча Стокгольм борбору менен Гетеборг университетинин адистери билдиришти. Бул туурасында The Guardian басылмасы жазган.

"Коомчулук жаңы химикаттарды өндүрүп жана аны атмосферага чыгарууну ушунчалык ылдамдык менен жасап, анысы планетанын ичинде коопсуз жашоонун алкагынан чыгып бара жатат", — деген изилдөөнүн катышуучусу Патриция Вилларубия-Гомес.

Адистин айтымында, көбүрөөк түйшөлдүргөн нерселер — пластик менен катар эле пестицидден тарта өндүрүштүк кошулмаларга, антибиотиктерге чейинки синтетикалык химикаттардын 3,5 миң түрү болууда. Жөнөкөй эле мисал катары пестициддер өсүмдүктөр дүйнөсү үчүн маанилүү болгон жана жаныбарлардын кээ бир түрү тамактанып жашаган курт-кумурскаларды жок кыларын түшүндүрүп берген.

Окумуштуулар мынчалык кирдегендик планетага бардык жактан зыянын тийгизерин айтып, коңгуроо кагып жатышат. Бул процессти жайлатыш үчүн пайдалангандан кийин өзүнөн өзү толукталган материалдар менен энергия булагын кеңири колдонууга чакырыктар айтылууда.

Химиялык булгоонун белгиленген чегинен ашып кеткендик Жер планетасында экологияга келтирилген, масштабы боюнча бешинчи орунда турган кооптуулук болуп калды. Мурда окумуштуулар фосфор жана азот менен булгоо аркылуу адамзат мындай чектен ашып өткөндүгүн айтышкан эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости