www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жерге эки чоң астероид жакындап келе жатат, алардын ар биринин көлөмү асман тиреген имараттай. Алар 29-30-июлда планетанын жанынан учуп өтөт деп жазат Live Science.
2016 CZ31 деп аталган биринчи космостук дене саатына 55 618 км ылдамдыкта учуп баратат. Астрономдор астероиддин туурасы болжол менен 122 метрди түзөт, муну 40 кабаттуу имаратка салыштырууга болот дейт.
Ал 29-июлда Жерге жакындап, 2,8 миллион км аралыгында өтөт. Бул планета менен айдын ортосундагы орточо аралыктан жети эсе көп. НАСА бул космостук таш Жерге бир нече жыл сайын жакындап келээрин, кийинки мындай жакындашуу 2028-жылдын январында күтүлүп жатканын билдирди.
«НАСА жана башка космостук агенттиктер Жерге жакын жайгашкан миңдеген окшош объектилерди кылдаттык менен көзөмөлдөп турушат. Астероиддин траекториясы биздин планетадан миллиондогон миль алыс болсо да, астероиддин орбитасы бир аз жылып кетиши мүмкүн деген өтө кичинекей мүмкүнчүлүк бар. Мындай кичинекей жылыш келечектеги учуу учурунда астероид менен Жердин кагылышуусуна алып келиши мүмкүн», - деп белгилейт Live Science.
Экинчи астероид 2013 CU83 30-июлда Жердин жанынан саатына 21 168 км ылдамдыкта учуп өтөт. Биринчисинен чоңураак, диаметри 183 м. Ал планетага максимум 6,96 млн километрге жакындайт. Бул планета менен анын спутнигинин ортосундагы орточо аралыктан болжол менен 18 эсеге көп.
Булак: NazarNews.kg